Минкаб курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзөт – Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинети Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кара тизмесин түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди, деп маалымдайт Kaktus.media басылмасы.

Анын айтымында, бийлик ишенимдүү курулуш компанияларынын реестрин даярдайт. Ага үлүштүк ээлерден түшкөн эч кандай арыздар жок жана кылмыш иштери козголбогон компаниялар кирет.

«Бул реестрге кирбеген компаниялар, демек, «кара тизмеге» кирет», — деди министрдин орун басары.

Ал кошумчалагандай, минкаб ошондой эле турак жайларды «котловандан» сатуу тартиби жөнүндө жобону даярдап, бекитет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды