Сыраны акциздик марка менен белгилөө үч айда бюджетти дээрлик 130 млн сомго толуктады

Сыраны акциздик марка менен белгилөө үч айда бюджетти дээрлик 130 млн сомго толуктады

Быйылкы жылдын I кварталында өндүрүлгөн пиво азыктарынан 129.4 млн сом акциздик салык чогулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине белгиленген пландан эки эсе ашып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кирешелердин өсүшү быйылкы жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагында пиво продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүү менен байланыштуу болду. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциялардын жүгүртүүсүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү төлөмдөрдүн эки эсеге өсүшүнө алып келди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 2203 товардык позициясына кирген сыраны өндүрүү жана импорттоо акциздик марка менен милдеттүү түрдө белгиленүүгө тийиш. Ал эми 2023-жылдын 1-июлунан тартып сыранын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media