Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз бизнес үчүн дагы эле көйгөй бойдон калууда

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз бизнес үчүн дагы эле көйгөй бойдон калууда

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭTТК) Кыргызстандагы бизнес үчүн дагы деле көйгөй болуп саналат. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «КР жаңы салык саясаты: бизнестин жана өкмөттүн позициясы» аталган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Аскар Сыдыков ЭТТК өзгөчө кичи жана орто бизнес үчүн көйгөй болуп жатканын айтты.

«Бизге көбүнчө чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрү арызданышат. Баарынын эле бухгалтерди ишке алууга чамасы жок. Ири бизнес көнүшүп кетти, бирок аларда да кичи жана орто бизнес менен иштешкенде маселе жаралып жатат», — деди ЭИК жетекчиси.

Аскар Сыдыков ошондой эле жыл бою ишкерлер Экономика министрлиги менен биргеликте Салык кодексине толуктоолорду киргизип чыгышканын айтты. Өзгөртүүлөр Салык кодексин алда канча жакшырткан.

«Биз жаңы кодексти башынан аягына чейин текшерип чыктык, биздин 12 сунушубуз эске алыныптыр, дагы экөө боюнча бир пикирге келип, 11и кабыл алынбаптыр. Кабыл алынбагандардын арасындагы эң негизгиси — накталай эмес төлөмдөр үчүн нөлдүк ставканы узартуу боюнча түзөтүү болчу. Бизнес дал ушул түзөтүүнү күтүп жаткан, накталай эмес төлөмдөргө өтө башташкан эле, бирок бул эми кызыксыз болуп калды. Демек, бул көрсөткүч улам төмөндөйт», — деп айтты Сыдыков.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media