Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат
Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.
Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң тургун таза ичүүчү суу менен камсыздалат.
Долбоор калктын санитардык шартын жакшыртып, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.