Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты
2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8 млрд сомду түздү.
Кардарлардын кредит портфели 24,9% көбөйүп, 633,3 млрд сомго жетти. Депозиттик база 6,1% өсүү менен 919,2 млрд сом болду.
Ал эми ислам принциптери боюнча каржылоо эң жогорку өсүштү көрсөтүп, 54,3% өсүү менен 29,7 млрд сомду түздү.