Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды
Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен.
Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык компанияга жалпы 93 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.