Азербайжан кыргызстандык транспорттук компанияларга максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр

Азербайжан кыргызстандык транспорттук компанияларга максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр

2023-жылдын 14-апрелинде КР Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Шахин Багиров менен жолугушту.

Азербайжандын бажы өкүлү кыргыз тарапты Азербайжандагы кыргызстандык транспорттук компанияларга, жүк ташуучуларга жана ишкерлерге максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен Азербайжандын ортосундагы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Азербайжан тарапка Кыргызстандын транзиттик потенциалы жана өлкөдөгү «Санариптик жашыл коридорлорду» тууралуу маалымат берилди.

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү максатында жолугушуунун катышуучулары эки мамлекеттин бажы кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин ырасташты.

Муну менен катар, тараптар Азербайжандын аймагында Кыргызстандын транспорттук компанияларына жана жүк ташуучуларына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media