Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду
12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө багытталган.
"Бул узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү калыптандыруудагы маанилүү кадам", - деди Бакыт Сыдыков.
Джеффри Сиоу да Сингапур Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы эки өлкө ортосундагы соода 11,35 млн долларды түзүп, 40% өскөн. 2026-жылдын 7 айында соода көлөмү 8,54 млн долларды түзүп, 1,8 эсеге көбөйгөн.