Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды
Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты.
Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.
Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын Падышалык илимдер академиясы жарыялады. Нобелдин экономика боюнча сыйлыгынын акчалай көлөмү 12 миллион швед кронасын түзөт жана ал эки лауреатка тең бөлүнөт.
2025-жылы экономика боюнча Нобел сыйлыгы Жоэл Мокирге, Филипп Агонго жана Питер Хауитке экономикалык өсүштүн механизмдери жана технологиялык прогресстин ролу боюнча изилдөөлөрү үчүн ыйгарылган.
Экономика тармагындагы бул сыйлык 1969-жылдан бери тапшырылып келет. Швед ишкери жана окумуштуусу Альфред Нобелдин элесине арналган бул сыйлыкты Швециянын банкы негиздеген.