Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду.

Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу үчүн кызмат адамына пара берүү фактылары документтештирилди.

УКМКнын маалыматына караганда, малдарды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү максатында аталган адамдар инженердик тосмолорду атайылап бузушкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ири мүйүздүү малды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүнү уюштурууга жана ишке ашырууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аныкталган ири мүйүздүү малды коңшу мамлекетке контрабандалык жол менен өткөрүү схемасы туруктуу мүнөзгө ээ болуп, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана баалардын калыптанышына терс таасирин тийгизген.

УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүү жана инженердик-техникалык тосмолорду атайылап бузуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды