МИК жылдын аягына чейин бюджеттин каражатына көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун аяктайт

МИК жылдын аягына чейин бюджеттин каражатына көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун аяктайт

2023-жылдын аягына чейин Мамлекеттик ипотекалык компания кардарлары үчүн алгачкы үйлөрдү курууну көздөп жатат. Курулуш бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Бул тууралуу МИКтин ишмердүүлүгү боюнча Еconomist уюштурган жолугушууда мамкомпаниясынын төрагасынын орун басары Амантур Оморов билдирди.

Анын айтымында, ишкана бюджеттик кызматкерлерди экинчи эмес, жаңы турак-жай менен камсыз кылууну көздөйт. Ошондуктан МИК көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасай баштады.

«Үйлөр монолиттүү болот, бул алардын курулушун тездетип, арзандатат. Биринчи үйлөрдүн курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деген үмүттөбүз», - деп жыйынтыктады Оморов.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

Транспорт министрлиги: Төө-Ашуудагы түшкөн көчкүдөн жабыркагандар болгон жок

5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121-122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 12 жаңы кызматтык

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен

Бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө боюнча 29-июндан 4-июлга чейинки аралыкта жалпысынан 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Мекеменин билдирүүсүндө эң көп катталган мыйзам бузуу түрлөрү төмөнкүлөр экени айтылды: * Тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 2 539 учур; * Мас абалында унаа башкаруу