Бир айдын ичинде ӨКМ Ысык-Көлдүн астынан 4.4 тонна синтетикалык таштандыны чыгарган

Бир айдын ичинде ӨКМ Ысык-Көлдүн астынан 4.4 тонна синтетикалык таштандыны чыгарган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан 4.4 тонна синтетикалык таштандыны чыгарган. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48 500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4 425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында,  соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 7000ден ашуун орундуу 9 студенттик жатакана курулат

Кыргызстанда 7000ден ашуун орундуу 9 студенттик жатакана курулат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын тааныштырды. Ага ылайык, программа боюнча 8000 квота каралып, өлкөнүн 5 облусунда,

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаа тапшырылат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү автотранспорт менен камсыз кылуу жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөт. Унаалар “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми менен алынат. Жалпысынан Chevrolet

Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын тобу менен жолугушуу өткөрдү. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык саясатынын учурдагы багыттары жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Тараптар өлкөнүн чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатуу

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган. Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, 4 кабаттуу 5 блоктон турат.