Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 204.6 млрд сомду түздү

Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 204.6 млрд сомду түздү

Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 204.6 млрд сомду түздү жана жыл башынан бери 0.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 344.9 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 1.8%га көбөйгөн;

Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктар тарабынан республиканын 1492 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы суммасы 707.3 млн сом жеңилдетилген кредиттер берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган. Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, 4 кабаттуу 5 блоктон турат.

Москвада "Нарын" эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды

Москвада "Нарын" эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды

Москва шаарында "Нарын" эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде биринчи катчы Назира Маматканова катышты.

Бишкекте жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүү өтөт

Бишкекте жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүү өтөт

Бишкекте жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууга арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга арналган иш-чаралардын алкагында, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөө үчүн пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясын тааныштырды. Маалыматка ылайык, бул технология