Чаткалда кен иштетүү ишканасына 18.8 га жер аянты мыйзамсыз берилген – Башкы прокуратура

Чаткалда кен иштетүү ишканасына 18.8 га жер аянты мыйзамсыз берилген – Башкы прокуратура

Чаткал районундагы «Каратюбе-Бузук» участогунан «Э» ЖЧКсына ашыкча 18.83 га жер аянты мыйзамсыз ижарага берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, «Чаткал» токой чарбасы мекемесинин кызматкерлери мыйзамдарды одоно бузуп, Чаткал районундагы «Каратюбе-Бузук» участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24.07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42.9 га жер аянтына «Э» ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүшүп, ашыкча 18.83 га жер аянтын мыйзамсыз ижарага берип жиберишкендиги аныкталган.

«Мындан сырткары, «Э» ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1.50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген», - деп билдирүүдө белгиленген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 218-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media