Депутаттар Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгы менен жолугушту

Депутаттар Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Малайзия мамлекетиндеги иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Нажихан Абас менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Муну менен катар малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин сунуш кылды. Тагыраагы, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү жана финансы-экономикалык борборлорду курууга чакырды.

Нажихан Абал Малайзия кыргыз тарап менен биргеликте КРнын потенциалдуу инвестициялык долбоорлорун изилдөөгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун потенциалдуу багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын тиешелүү түзүмдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media