Быйыл климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди – Айыл чарба министрлиги

Быйыл климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди – Айыл чарба министрлиги

Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталган, бирок климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигигин өкүлү Жигиталы Жумалиев айтып берди.

Анын айтымында, ошентсе дагы учурда жазгы талаа иштери дээрлик жыйынтыкталып, Нарында гана 20-30% иш калды. Эң башкысы, дыйкандар кант кызылчасын эгип жетишти. Анын аянты былтыр 9 миң гектар болсо, быйыл 14 миң гектардан ашты.

«Өзгөчө Таласта көп жылдан бери төө буурчак себилип, монокультура болуп калган. Бул өз кезегинде таасирин тийгизип, биринчиден, үрөндүн сапаты начарлады. Экинчиден, ар кандай топурактын оорулары пайда болуп, түшүмдүүлүк начарлоодо», - деп адис облустагы кырдаал жөнүндө айтып берди.

Ошондуктан министрлик дыйкандар менен иш алып барып, кант кызылчасы 500 гектардан 1 000 гектарга жетти. Мындан тышкары, май өсүмдүгүнүн аянты көбөйтүлүп, Таласта майды кайра иштетүүчү ишкана ачылууда.

«Жыйынтыктар, анан божомолдор боюнча айдап себүү иштери толук бүткөндө так маалымат берилет. Бирок учурдагы ыкчам маалыматтар боюнча, дан эгиндеринин, кызылчанын, жашылчанын аянты көбөйүшү күтүлүүдө. Ал эми төө буурчактын аянты жылдагыдан салыштырмалуу азайышы мүмкүн», — деди Жумалиев.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media