«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 1-этабы бир айдан кийин жыйынтыкталат

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 1-этабы бир айдан кийин жыйынтыкталат

Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертет.

Мекеме белгилегендей, лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар.

Бүгүнкү күндө лотереяга 218 миң жаран катышууда. «Салык чек» тиркемеси аркылуу 3.9 млрд сом суммасындагы кассалык чектер сканерден өткөрүлүп, утуштарга катышуу үчүн 3.8 млн ашык ID-билеттер берилген.

Мындан тышкары окуңуз

“Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

“Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 15-июнда иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жасалма түрдө тариздөө жана алардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн олуттуу жогорулатуу схемасын уюштуруу фактылары

Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев жумушчу сапар менен Өзбекстанга барып, эки өлкөнүн суу чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында Алмаз Жээналиев Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугуп, суу ресурстарын башкаруу,

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмдардын бирине жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2026-жылдын 12-июнуна карата Улуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюмдарынын реестринде 57

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

“Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү жасала турган Элебесов көчөсүндө болду. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке оңдолуп, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20