Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев жумушчу сапар менен Өзбекстанга барып, эки өлкөнүн суу чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Алмаз Жээналиев Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугуп, суу ресурстарын башкаруу, тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Жолугушууда өзбек тарап суу чарба тармагында заманбап илимий технологияларды колдонуу, адистерди даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Суу чарбачыларынын мектебинин, китепканасынын жана Ирригация жана суу көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана алдыңкы ыкмаларды киргизүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media