Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төлөм уюму жоопко тартылды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмдардын бирине жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

2026-жылдын 12-июнуна карата Улуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюмдарынын реестринде 57 төлөм уюму бар. Алардын баардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Улуттук банктын билдирүүсүндө төлөм уюму кандай талаптарды аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылгандыгын ачыктаган жок.

Белгилей кетсек, төлөм уюмдары электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү, акча которуу жана башка төлөм кызматтарын көрсөтүү багытында иш алып барышат. Алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзам талаптарына шайкеш келиши - кардарлардын укуктарын коргоо жана төлөм системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн маанилүү.

Улуттук банк финансы рыногунун бардык катышуучулары мыйзам талаптарын жана жөнгө салуучу ченемдерди так сактоого милдеттүү экенин белгилеп, төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп турарын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media