Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

“Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү жасала турган Элебесов көчөсүндө болду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке оңдолуп, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагына тротуар курулуп, ирригациялык тармак орнотулат.

Ушул эле долбоордун алкагында узундугу 800 метр, туурасы 20 метр болгон Безымянная көчөнү Түндүк айланма жолго чейин оңдоо да пландалууда.

Айбек Жунушалиев курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын камсыз кылууну тапшырып, бардык иштер жаңы окуу жылы башталганга чейин аяктоого тийиш экендигин баса белгиледи. Бул шаар тургундарына, окуучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаратпоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, тиешелүү шаардык кызматтарга көчөнү кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу объектилердин ээлери менен зарыл иштерди жүргүзүү, анын ичинде аларга өз убагында тиешелүү эскертмелерди тапшыруу милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media