Бишкектин мэриясы коррупцияга каршы стратегиялык планын бекитти
Борбор калаанын мэриясы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттердин планын бекитти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, стратегиялык планы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
«Стратегиялык аракеттер планында коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун институтташтыруу жана жогорулатуу боюнча чаралардын комплекси; мэриянын ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу этабында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо; кадрларды чыңдоо жана башкалар каралган», - деп мэрия белгиледи.
Стратегиялык аракеттер планы КРнын Антикоррупциялык ишкердик кеңешнин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөн тегерек столдо көрсөтүлдү.