Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өстү. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 млрд 50 млн сомго жеткирүү пландалууда. Бул мезгилде 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. Жалгыз 2026-жылы 36 жаңы ишкана ишке берилген, анын ичинде "Мега Газблок КейДжи" заводу бар. Жалпы 1,2 млрд сом инвестиция тартылган.
Ошондой эле 2021-2026-жылдары республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана ишкерлердин эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилген. 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн, анын 77,5 чакырымы республикалык бюджеттен, 59 чакырымы Өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен оңдолгон. Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча бир шаарда жана 13 айыл аймакта иштер жүрүп жатат.
Ал эми Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров билдиргендей, 2021-2026-жылдары жергиликтүү бюджеттен 358 млн сом өздөштүрүлүп, 192 иш-чара өткөрүлгөн. Курулуш тармагында 19 долбоор ишке ашырылган. Алардын ичинде Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү капиталдык оңдоо аяктап, пайдаланууга берилген. Учурда инвесторлордун эсебинен 250 орундуу И.Бектемиров атындагы №8 жана 384 орундуу Н.Кушматов атындагы №9 мектептердин курулушу жүрүүдө.
Мамлекет башчысына кошумча колдоону талап кылган долбоорлор да тааныштырылды. Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана аймактын экономикалык потенциалын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.