Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды
10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди түзүүдө.Жер көчкүнүн жылыш багытында 2 турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордону жана электр мамылары жайгашкан.
Коопсуздук үчүн Доңуз-Ой тилкесинде жашаган 2 үй-бүлө, 11 адам кооптуу аймактан эвакуацияланып, туугандарынын үйүнө жайгаштырылды.
Учурда жеринде ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаменти, куткаруучулар, аким жана ЖКККББ экипаждары иш алып барууда. Ылай-Талаа–Гүлчө жолунун 22-23-чакырымында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда. Кырдаал көзөмөлдө.