Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.
"Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешеси 905 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 1 млрд 683 млн сомго жетти. Башкача айтканда, 2 эсеге, 777 млн сомго өстү", - деди Жапаров.
Анын айтымында, 2026-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен Баткенге кошумча 4 млрд 517 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 6,2 млрд сомга жакын каражат топтолуп, өздөштүрүлүүдө.
Президент экономикалык көрсөткүчтөргө да токтолду. 2021-жылы Баткендин дүң региондук продукциясы 27 млрд сом болсо, 2027-жылга карата 67,5 млрд сомго жетерин белгиледи. Бул дээрлик 2,5 эсе өсүш. Өнөр жай 2021-жылдагы 3,9 млрд сомдон 2025-жылы 8,3 млрд сомго чейин өскөн. "100 өнөр жай ишканасы" долбоору менен 2024-жылы 11, 2025-жылы 13 ишкана ишке берилип, быйыл дагы 7 объект пландалууда.
Социалдык колдоого келсек, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарындагы 23 760 пенсионер ай сайын 2000 сом компенсация алууда. 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12 366 сомду түздү. Мындан тышкары 9 481 адам 3000 сомдук жөлөк пул, 18 815 адам "Бала ырысы" алууда. Буга ай сайын бюджеттен 28,8 млн жана 24,6 млн сом бөлүнөт.
Жапаров облуста 38 социалдык жана өндүрүштүк объекттин 30у бүтүп, калган 8и жыл аягына чейин бүтөрүн, Мамлекеттик ипотекалык компания 4 116 батир куруп жатканын кошумчалады. Сүлүктүдө таза суу, жол жана поликлиника куруу, Лейлекте дамба жана сугат скважиналарын куруу пландары бар экенин айтты.
Чек ара маселеси боюнча демаркация аяктаганын белгилеп, жабыркаган үйлөргө кенемте берүү жана үйлөрдү бөлүштүрүү маселеси Министрлер кабинетинин кароосунда экенин билдирди.