Төрт жаранга валютаны мыйзамсыз алмаштыруу үчүн айып пул салынды
Кыргызстандын төрт жаранына (А.у.Р., С.А.Д., Ч.у.Р., М.М.Т.) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Такталгандай, жарандар операцияларды Улуттук банктын лицензиясы жок жүргүзгөн.
Ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.