57 млн сомго зыян алып келген «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды

57 млн сомго зыян алып келген «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды
Photo by Bermix Studio / Unsplash

Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

«Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай  жасалма түрдө алынды кылган КР СӨМдүн алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 млн сомго жакынды түзгөн», - деп УКМК белгиледи.

Алынган далилдердин негизинде Т.Э.Б. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media