Депутаттар Эсеп палатасынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту
КРнын Жогорку Кеңешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Эсеп палатасынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты укту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Баяндаманы Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жасады. Депутат Марлен Маматалиев аудиттин жыйынтыгы боюнча эсеп палатасынын бюджети жана бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу маселесин тактады.
Акматов эсеп палатасынын бюджети 256 млн сомду түзүп, бүгүнкү күндө 7.5 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын, текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул сумма көбөйөрүн белгиледи.