Суу чарба кызматына 4.4 млрд сом каралган – Финансы министрлиги

Суу чарба кызматына 4.4 млрд сом каралган – Финансы министрлиги

2023-жылга КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын (борбордук аппарат, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр) чыгашалары 4.4 млрд сом суммасында каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Бул каражаттардын ичинде:

• бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар – 1.2 млрд сом эсебинде;

• мамлекеттик инвестициялык фонддор – 3.2 млрд сом.

Бюджеттик каражаттардын 1 млрд сому ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине каралган. Бүгүнкү күнгө 362.1 млн сому бөлүндү.

Жыл ичинде төмөнкүдөй кошумча каражаттарды бөлүү чечими кабыл алынды:

• жер снаряддарын сатып алууга 199.4 млн сом;

• ошондой эле Суу кызматына лизингге атайын техникаларды сатып алууга жакынкы жылдарга 1 млрд сомго жакын каражат каралып, анын 350 млн сому 2023-жылы бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media