Транспорт министрлиги 250 чакырым жолду асфальттоону пландаштырууда

Транспорт министрлиги 250 чакырым жолду асфальттоону  пландаштырууда

2023-жылы Транспорт министрлигине жолдорду оңдоого жана курууга 4.5 млрд сом каралган. Бул тууралуу Economist.kg Транспорт министрлигинин даярдоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Бектурсун Дыйканбаев билдирди.

Анын айытымында, алар быйыл 249 км асфальт төшөөнү пландап жатышат. Иштер Кыргызстандын бардык аймагында Транспорт министрлигинин балансында турган жалпы пайдалануудагы жолдордо жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон жолун реконструкциялоо каралган. Бүгүнкү күндө 20 чакырым асфальт төшөлсө, былтыр 18 чакырымга асфальт төшөлгөн. Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунда оңдоо иштери жүрүп, учурда 5 чакырым асфальт төшөлдү. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат, быйылкы жылга аталган тилкелерде 13 чакырымын реконструкциялоо пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар