2023-жылга ветеринария кызматына 553.1 млн сом каралган
2023-жылга бюджетте Ветеринария кызматына 553.1 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Каралган сумманын 548.1 млн сому бюджеттик каражаттар. Алар:
· эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86.9 млн сом;
· ветеринардык диагностикага – 138.6 млн сом;
· жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.
2023-жылдын 31-майына карата каралган каражаттын эсебинен 315.8 млн сом каржыланды.