Аравандын айыл аймактарынын бюджетинде 5.3 млн сомдук каржы бузуулары аныкталды

Аравандын айыл аймактарынын бюджетинде 5.3 млн сомдук каржы бузуулары аныкталды

2021-2022-жылдар аралыгында Араван районунун бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 5.3 млн сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымдады.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

· эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 224.2 миң сом;

· негизсиз чыгышталган акча каражаттары – 127.5 миң сом;

· сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр – 47.1 мин сом;

· каражаттарды казыналыктан сырткары жумшоо – 71 мин сом;

· курулуш иштерине кошуп жазуулар – 4 млн сом;

· бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 423.5 миң сом;

· бухгалтердик эсептен дебитордук карыздарды жашыруулар – 64.4 миң сом;

· бюджетке кошумча кирешелерди эсептөө – 196.9 миң сом;

· социалдык фонддун бюджетине кошумча кирешелерди эсептөө – 108.4 миң сомду түзгөн.

Аныкталган финансылык бузуулардын ичинен өндүрүүгө жатканы 5.1 млн сом болсо, анын ичинен аудит убагында өндүрүлүп, ордуна коюлганы 1.7 млн сом жана өндүрүлбөй калганы 3.4 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media