ЖКнын профилдик комитети сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамды окууда жактырды

ЖКнын профилдик комитети сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамды окууда жактырды

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

«Ушуга байланыштуу, ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоору киргизилип жатат, ал сүттү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алууга, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышкан мамилелерге жайылтыла»,- деп кошумчалады Кенжебаев.

Мыйзамынын долбоорунун негизги максаты болуп, сүт рыногунда баа түзүүнү мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жолу менен ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрдү жөнгө салуунун жана колдоонун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилөө саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Нурлан Мотуев каза болду

Нурлан Мотуев каза болду

Саясатчы, коомдук ишмер, Нурлан Мотуев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Нурлан Мотуев катуу ооруп жүргөндүгү кабарланган. Мотуев 2005-жылдагы бийлик алмашуу окуяларына жигердүү катышып, ошондон тарта саясатта өзүнүн оюн ачык билдирип келген. Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Кыргызстандын

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот. “Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областтык башкармалыгы микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салган. 11-майга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып