Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областтык башкармалыгы микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салган.

11-майга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 31 микрокредиттик агенттик бар.

Микрокредиттик агенттик - бул коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык, жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты