Таласта айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткен – УКМК

Таласта айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткен – УКМК

Талас районунда айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз берилип, жеке менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-июнунда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, жеке менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган. Адистердин айтымында, бул аймактагы 0.15 гектар жердин баасы 1 млн 300 миң сомго бааланат», - деп мекеме белгиледи.

Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Read more

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь