2023-жылдын 5 айында Жалал-Абад облусуна 401.4 млн сом бөлүндү
Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401.4 млн сом акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Бөлүнгөн каражатка төмөнкүлөр кирет:
Бюджеттер аралык трансферттер:
· теңдөөчү трансферт – 229.4 млн сом;
· ыйгарым укуктарды берүүгө – 21.9 млн сом;
· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 12.6 млн сом;
· Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча минкабдые тескемесин аткарууга – 117.5 млн сом;
· Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга) – 20 млн сом каржыланды.