2023-жылдын башынан бери Чүй облусуна 151.8 млн сом бөлүндү
2023-жылдын 5 айында Чүй облусуна 151.8 млн сом бөлүндү. Республикалык бюджеттен каржылоо боюнча маалыматты Финансы министрлиги берди.
Каражаттын ичинде:
Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 151.8 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган, анын ичинен:
· теңдөөчү трансферт – 129.4 млн сом;
· ыйгарым укуктарды берүүгө – 21.3 млн сом;
· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 1.1 млн сом.