Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бак Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолууда. Долбоордун алкагында аймак толугу менен жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө сейил бактагы 12 аттракциондун курулушу аяктап, калган объектилер боюнча бетон жумуштары толугу менен бүткөрүлгөн. Ошондой эле административдик имараттын курулушу аяктап, амфитеатр, кафетерий жана башка көмөкчү объектилерде иштер уланууда.

Мындан сырткары, инженердик тармактарды куруу иштери бүткөрүлүп, велосипед жолу, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда 5 гектар аянтта газон төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери аткарылууда.

Долбоорго ылайык сейил бакка заманбап аттракциондор, фонтан, балдар лабиринти, тамактануу жайлары, ошондой эле спорттук жана эс алуу аянтчалары жайгаштырылат.
Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин жүрүшүн карап чыгып, оңдоп-түзөөнү белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media