Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө жана аял катары көрсөтүп, жумуштарын калтырышты.

Family Day майрамын белгилөө салты дүйнөлүк ири корпорацияларда ар бир долбоордун же аткарылган буйрутманын артында үй-бүлөлүк тарыхы бар тирүү жандардан тураарын элге жеткирүү үчүн пайда болгон. Бишкекте бул майрам ызы-чуу, ачык асман алдындагы жагымдуу фестивалга айланып, көптөгөн коноктордун башын бириктирди.

Ар бир адам өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн стадион зоналарга бөлүнгөн. Кесипкөй футболчулар Сүйүнтбек Мамыралиев жана Тамирлан Жамалутдинов өспүрүмдөр жана чоңдорго жылынуу көнүгүүлөрүн өткөргөнчө, жакынкы аянтчада баары кызыгуу менен карап жатышты.

Ар бир жаш куракты эске алып, төрт өзүнчө аянтча даярдалган. Кичинекейлер олуттуу жүздөрү менен түркүн түстүү жумшак кубиктерден мунараларды куруп,  гиганттык боёк аянтчасына сүрөт тартышты, ал эми аниматорлор аквагримдин жардамы менен алардын беттерине супер баатыр маскаларын тартышты.

Обочороок жерде спорттук таймаш болуп жатты: үй-бүлөлүк биатлон, эстафета жана футболдук боулинг. Күндүн эң таасирдүү учуру болуп, үй-бүлөлүк гербди жаратуу боюнча чыгармачыл мастер-класс аталды. Узун столдордо олуттуу эркектер жана алардын балдары өздөрүнүн кичинекей мамлекетин кайсы символ: руль, жүрөк же мышыктын бармагы менен кооздошу керектиги жөнүндө талашып, талкуулап жатышты.

 “Яндекс Кыргызстандын” башкы директору Тилек Сулайманов иш-чаранын жүрүшүн байкап отуруп, компания үчүн мындай жолугушуулар шаарга күн сайын жардам бергендерге “Рахмат” айтуу мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи:

 "Биз үчүн биздин өнөктөштөрүбүз - айдоочу жана курьерлер - жумушта гана эмес, күнүмдүк турмушта да, камкордукту жана колдоону сезиши маанилүү. Бүгүн бул жерге балалуу үй-бүлөлөр чогулушту, биз чогуу убакыт өткөрүп, алардын жылмаюусун жана чыныгы сезимдерин көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Бардык иш-чаралар жана спорттук оюндар спортко болгон сүйүүнү ойготууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган. Биз өнөктөштөрүбүздүн жана алардын жакындарынын бактылуу, дени сак жана мүмкүн болушунча көп позитивдүү тажрыйбаларга ээ болушун каалайбыз”.

 Кечке жакын, спорттун ыргагы жагымдуу чарчоого алмашып, коноктор тамактануу жайларына которулуп келгенде, стадионду жагымдуу баарлашуунун толкуну каптады.

 “Адатта кызым мени нөөмөттөн кийин гана көрөт. Биз көп учурда чогуу боло албайбыз.  Бул жерден биз бир күн бою чуркап, мелдешип, мунараларды куруп жатабыз. Балага бул чоң майрамдык иш-чара болсо, мен үчүн бул - эс алуу, эмне үчүн иштеп жүргөнүмдү эстөөгө түрткү болду", - деп сервистин өнөктөш-айдоочусу Эрмек Осмонов, үй-бүлөсүнүн жаңы боёлгон жыгач гербин кармап отуруп билдирди.

 Чогулгандар бири-биринин үй-бүлөсү менен таанышып, окуялары менен бөлушуп, жакшы аба ырайынан ырахат алып жатышты. Эрмектин кебине майрамга кичүү иниси менен чогуу келген курьер Урмат Асанбеков аралашты:

“Мага бул жерде расмий шаан-шөкөттүн жоктугу жакты. Баары абдан жөнөкөй, өзүбүздүкүндөй экен. Иним футбол боулингине абдан кубанып жатат, а мен болсо балдар менен ушундай шартта баарлашканыма кубанычтамын. Биз ушинтип көп-көп чогулсак жакшы болмок”.

 Бул жылуу күндүн акыркы көз ирмеми күтүлбөгөн күндүзгү фейерверк менен жыйынтыкталды. Катуу кол чабуулар менен, өзгөчө ачык сары фейерверктер Бишкектин ачык асманына көтөрүлүп, күндүн нурларында эрип, көпкө чейин эсте кала турган майрамдык маанай калтырды.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media