Баш калаанын борбордук көчөлөрүндө убактылуу газ өчүрүлөт

Баш калаанын борбордук көчөлөрүндө убактылуу газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» ишканасынын маалыматы боюнча, абоненттердин жаңы газ түтүгүнө кошулушуна байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндөгү абоненттерге газ берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, 21-июндан 9-июлга чейин газ болбойт. Ар бир этап аяктаганда гана , абоненттерге кезеги менен газ бериле баштайт.

«Бишкекгаз» жарандарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жаңы газ түтүгүнө кайра кошулуу жаратылыш газын ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо үчүн зарыл чара болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы чаралары ишке ашырылып жатканын эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан тартып "Балага келечек" программасы иштеп жатат. Бул программа ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом топтоону карайт.

Чолпон-Атадагы ооруканага 20 млн сом бөлүнөт

Чолпон-Атадагы ооруканага 20 млн сом бөлүнөт

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, 100 орундуу жаңы имараттын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын аягында башталып, ага республикалык бюджеттен 230 млн сом каралган. Бирок каржы маселеси толук чечилбей курулуш иштери кечеңдөөдө.  Төрага

Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

МинКаб Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган бул долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамдын талаптарын аткарууга багытталган. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, мындай чектөө быйыл 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул аралыкта Кыргызстанга бир да электрондук тамеки ташылып келинген эмес. Документте

Кыргызстанда 250 өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча талкуу болду

Кыргызстанда 250 өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча талкуу болду

Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды. Ошондой эле өнөр жай, кайра иштетүү, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу менен практикалык кызматташууга өзгөчө