Мамлекет тарабынан чакырылган түркиялык курулушчулардын акчасы төлөнбөй, көчөдө калышты

Мамлекет тарабынан чакырылган түркиялык курулушчулардын акчасы төлөнбөй, көчөдө калышты

Бүгүн, 6-июлда Бишкектеги Түркиянын элчилигинин алдында 24 түркиялык жаран нааразылык акциясына чыгышты.

Видеого тартылган түркиялык жарандын айтымында, алар Кыргызстандын мамлекеттин тарабынан сот жана тергөөчүлөр үчүн салынып жаткан имараттын курулушуна чакырылышкан. Бирок акчалары берилбей, көчөдө калышкан.

"Биз учурда Кыргызстанда Түркиянын элчилигинин астында турабыз. Бизди бул жака сот жана тергөөчүлөр үчүн салынып жаткан имараттын курулушуна Түркиядан 24 адам чакырылганбыз. Бирок 40 күндөн бери акчабыз төлөнбөй жатат. Отелден куулдук, аябай жаман акыбалдабыз. Учурда Түркиялык бийликке акчабыз төлөнүп, тезирээк Түркияга кетүүбүздү камсыз кылуусун өтүнүп, кайрылып жатабыз", — дейт ал.  

Мындан тышкары окуңуз

ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын төрагалары жолугушту

ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын төрагалары жолугушту

29-майда Бишкек шаарында КРнын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү.  Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык финансы системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ШКУнун алкагында финансылык кызматташтыкты мындан ары чыңдоону, акча-кредит саясатынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынгандыгын маалымдады. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” КРнын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган. Документке ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров 29-майда, Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Садыр Жапаров сөзүнүн башында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин конституциялык реформанын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө атаандаштык технологияларга жетүү үчүн

Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Каржы технологияларынын өнүгүшү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу бүгүнкү күндө дүйнөлүк каржы секторундагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Бул тууралуу BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев "Ишкер Медиа" сайтына билдирди. Анын айтымында, форумдун негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн