ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын төрагалары жолугушту
29-майда Бишкек шаарында КРнын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү.
Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык финансы системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ШКУнун алкагында финансылык кызматташтыкты мындан ары чыңдоону, акча-кредит саясатынын маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттерде финансылык туруктуулукту колдоо боюнча чараларды жана өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү келечеги тууралуу ойлорун ортого салышты.
ШКУга мүчө кызыкдар мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселелери боюнча консультацияларда жана Уюмдун финансылык инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча ишти улантууда жетишилген ийгиликтерди белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.