Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынгандыгын маалымдады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” КРнын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Документке ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу каралган.

Мындан тышкары, аталган товарларды КРнын аймагына алып келүүдө бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн алынуучу жыйымдардан да бошотулат.

Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:

• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттогон жана импортко КНСтен жана бажы жыйымдарынан бошотулуучу субъекттердин тизмеси;
• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жана импорттоодо КНСтен, ошондой эле бажы операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу жыйымдардан бошотулуучу жабдуулардын, технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмеси.

Аталган токтом зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, өндүрүш процесстерин модернизациялоого, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн финансылык жүгүн азайтууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик зергерлердин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media