Энергетика министрлиги Бала-Саруу ГЭСинин курулуш этабы боюнча маалымат берди

Энергетика министрлиги Бала-Саруу ГЭСинин курулуш этабы боюнча маалымат берди

Энергетика министрлиги Бала-Саруу ГЭСинин курулуш этабы боюнча маалымат берди. Министрлик ошондой эле ГЭСке элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктүн түшүрүлүшү күтүлүп жатканын да маалымдады.

"Бала-Саруу ГЭСинин курулушу активдүү улантылууда. 110 кВ чыңалуусундагы "Кара-Арча — Покровка" аба электр чубалгысынын курулушу дээрлик соңуна жакындады. ГЭСтин курулушуна электр энергия үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигине байланыштуу жана аны өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан №11-15 жана №4-5 тирөөчтөр арасына зым тартуу иштери кийинки мөөнөткө жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик иш процессиндеги бир канча жаңылыктар менен бөлүштү:

  • Ал эми жабык бөлүштүрүүчү түзмөктүн курулушу боюнча айтсак, адистер инженердик тармактарды монтаждоо менен, (актап-сырдоо) бүтүрүү иштерин алып барууда. Бүтүрүү иштери аягына чыккан соң элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктү монтаждоо мерчемделүүдө.
  • Жабдуунун жеткирилип берилишин Шаньдун-Тайкай компаниясы (Кытай) камсыздоодо. Учурда жабдуу жүктөлүп жөнөтүлдү жана болжол менен курулуш аймагына эмки жума келиши күтүлүүдө.
  • Бүгүнкү күндө ГЭС аймагында басым түтүктөрүн жана ГЭСтин имаратын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Айта кетсек, подряддык уюм тарабынан 0.00 белгисине чейинки пайдубалын куюу боюнча жана үч агрегаттын соргуч түтүктөрү менен бетонду кабыл алуу үчүн арматураны боолоо (бекемдөө) боюнча иштери аткарылууда.
  • Муну менен бирге басым түтүктөрунүн тирөөчтөрүн орнотуу иштери, ГЭСтин имаратынын дубалдарын орнотуу жана темир каркасын даярдоо боюнча жумуштар аткарылууда.  Жабдууларды камсыздоочу компания Глобал Гидро тарабынан үч гидротурбинанын соргуч түтүктөрүнүн камераларын шеф-монтаждоо иштери жүргүзүлдү.
  • Эске салсак, Глобал Гидро гидроагрегаттарды жана конустук затворду жеткирип берүүнү ишке ашырат. Акыркысы учурда Бала-Саруу ГЭСинин аймагына жеткирилип келинген. Ал эми турбинанын калган бөлүктөрү даярдалып бүтүп, этап менен курулуучу аймакка жөнөтүлүүдө.

«Бала-Саруу» жана «Камбар-Ата-1» ГЭСтеринин курулуштарына мамлекет 3.5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат

Жаңы Бала-Саруу ГЭСине 7.5 млн евролук жабдууларды Австриянын Global Hydro Energy компаниясы алып келет

ОКӨФ «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 23 млн доллар берет – толук каржылайт


Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө