Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында курулуш тармагынын өсүшү 61,5 %ды түздү. Бул мезгилде 262 социалдык объект курулуп, оңдолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, курулуп, оңдолгон объектилердин арасында 104 мектеп, 39 бала бакча, 32 саламаттык сактоо, 62 маданият жана спорт объектиси бар.

Ошондой эле Бишкекте "Ырыс Ордо" конгресс-борбору жана 51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадиону пайдаланууга берилген.

Энергетика тармагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо аяктап, анын кубаттуулугу 1 440 мегаваттка жеткирилген. 2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ишке киргизилген. Жыл аягына чейин "Орто-Токой" ГЭСин жана дагы алты чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда.

"Күн энергиясы да иш жүзүндө өнүгө баштады. Кеминде жана Тору-Айгырда ири күн станциялары ачылды. Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегатты орнотуу иштери жүрүп жатат. Ал 2028-жылы аяктайт", — деди Адылбек Касымалиев.

Өнөр жай тармагында 2025-жылы 799,7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 10,6 %ды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын 10 айында өндүрүш көлөмү 770,9 млрд сомго жетип, 5,2 %дык өсүш катталган.

Айыл чарба тармагында быйылкы жылдын 10 айында 453,3 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Реалдуу өсүш 4,7 %ды түзгөн. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 30,8 центнерге жеткен. Мындан тышкары, тогуз айда 10 миң 476 дыйкан-фермерге 11,9 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген.

Транспорт тармагында быйыл 1 883 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Ошондой эле Балыкчы — Кочкор темир жолу ачылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу уланууда.

Ал эми кен казуу тармагынан 2021–2025-жылдары мамлекеттик бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн. Бул мурунку беш жылга салыштырмалуу 3,6 эсе көп. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан 2026-жылдын тогуз айында 53,8 млрд сом киреше түшүп, жылдык план 210,7 %га аткарылган.

Санариптештирүү багытында электрондук портал аркылуу 26,4 млн кызмат көрсөтүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 28 %га көп.

МинКаб башчысы мындан аркы өнүгүүдө импортту алмаштырууга, экспортко багытталган өндүрүштү кеңейтүүгө жана жергиликтүү чийки затты терең иштетүүгө артыкчылык берилерин белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү