КР Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти Кыргызстандагы жети энергетикалык компаниянын лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган башкармалык соттун чечиминин негизинде жети энергокомпаниянын электр энергиясын сатуу жана бөлүштүрүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицензияны токтотуу боюнча буйрук чыгарган.
Лицензиялары жокко чыгарылган энергетикалык компаниялар:
- "Энергоспецсервис" ЖЧК
- "ААА-Электро" ЖЧК
- "Мамбеталиева С.Ш." ЖИ
- "Нурэлектросетстрой" ЖЧК
- "Узан уста" ЖЧК
- «Кайында кабель заводу» ААК
- "Гран Интер Трейд" ЖЧК.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media