Кыргызстан бүткүл Евразия үчүн исламдык каржылоо платформасы боло алат – Пирназаров
Кыргызстан бүткүл Евразия үчүн исламдык каржылоо платформасы боло алат. Бул тууралуу Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органынын жетекчиси Марат Пирназаров "КРдагы ислам финансы секторун өнүктүрүү" бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк ислам экономикасы абдан тез өнүгүп жаткан жана динамикалык тармак болуп саналат. Анын дүйнөдөгү капитализациясы буга чейин 2 трлн доллардан ашкан.
"Евразиялык континентте Кыргызстан исламдык каржылоону өнүктүрүүгө багытталган чаралар боюнча өлкөлөрдүн лидерлеринин катарында турат. Биздин алдыда бир топ амбициялуу максаттарыбыз бар – өлкөбүздү бүткүл Евразия үчүн ислам платформасына айландыруу исламдык каржылоо чөйрөсүндө КР аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн", - деп жыйынтыктады Пирназаров.