Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди.
Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтын аймактык бөлүмдөрү калк үчүн көмүрдүн чекене сатуудагы эң жогорку бааларын кыска мөөнөттө белгилешет. Баалар ар бир облус боюнча, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары боюнча өзүнчө аныкталмакчы.
Мындан тышкары, Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери белгиленген баалардын колдонулушун көзөмөлдөшөт. Баалар ашырылган учурда мыйзам бузуучуларга айып пул салынат:
- Жеке жактарга — 3 000 сом;
- Юридикалык жактарга — 13 000 сом.
Ошондой эле отун базаларында жана көмүр сатылуучу жайларда текшерүүдөн (поверкадан) өткөн таразалардын, көмүрдүн баасы көрсөтүлгөн баа белгилеринин болушуна карата да көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлөт.