Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди
Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Аталган турак жай Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) жана өнөктөштөр бирикмесинин (Förderverein) каржылык колдоосу менен салынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Эмгек министрлиги көрсөткөн колдоосу жана инклюзивдүү коштоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн өнөктөштөргө жана Германиянын Элчилигинин өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды.