Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт.
Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап байланыш менен камсыздоо саясатынын алкагында ишке ашууда. Бул иштер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги жана МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин колдоосу менен жүрүүдө.
2025-жылы спутниктик интернет боюнча пилоттук долбоор башталган, андан кийин тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган.
Улан Маматканов мамлекеттин негизги милдети санариптик теңсиздикти кыскартуу экенин белгиледи.
"Биздин максат - шаардабы же алыскы айылдабы, ар бир окуучу заманбап билим ресурстарын колдоно алган шарт түзүү. Интернет - бул билимге жана өнүгүүгө жол", - деди ал.
Өкмөт интернети начар аймактарга артыкчылык берип, мектептерди жана ооруканаларды заманбап байланышка туташтырууну улантарын билдирди.