Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен текстиль кластерлерин түзүүнү изилдеп жатышат

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен текстиль кластерлерин түзүүнү изилдеп жатышат

Кыргызстан менен Өзбекстан жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү, ошондой эле аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

16-августта Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын онунчу жыйыны өтүп, анда тараптар бир катар долбоорлорду жана макулдашууларды талкуулашты.

"Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Өзбекстандын «Узтекстильпром» ассоциациясы жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Тараптар мындан ары бул текстиль продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо маселесин да талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылганы “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкен. Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылган. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.“Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылып жатат. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге,

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

Бишкек шаарынын Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнө жакын жайгашкан жерде МИК жаңы объектини куруп баштады. Бул жерде 35 кабаттан турган 10 үй, ошондой эле 40 кабаттан турган 4 үй куруу пландаштырылып жатат. Жалпы батирлердин саны - 4 160 батир. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Жийде айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Букл тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылында жайгашкан мурдагы профилакторияга тиешелүү 1 140 чарчы метр жер тилкеси жана имараты мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1

Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү,